• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жумаканов: «Коронавирус бизде деле бар…»

17 Бирдин айы 202019:16 Бишкек Govori.TV

“Коронавирус бизде деле бар, мисалы тооктордун коронавирусу”. Мындай пикирин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Жаныбарларды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тиешелүү комитетте каралып жаткан учурда депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Муну уккан эл өкүлү элди чочутпоону суранып сүйлөгөндө этият болуңуз деп эскертти. Өз кезегинде мындай вирустар жаныбарлардын организминде жашаарын айтып, бирок Кытайдагы вирус эмес деп сөзүн оңдоду.

https://www.facebook.com/331524064188066/videos/194847491754206/?v=194847491754206

Булак: Элдик медиа.

Количество просмотров: 1189