• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Омикрон” штаммы ооруну канча күндө пайда кылат? Адистин жообу…

17 Үчтүн айы 2022 12:45 Бишкек Govori.TV

Коронавирустун “омикрон” штаммы ооруну 2-5 күндө пайда кылат. Бул тууралуу Улуттук гематология борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Шербет Жусупова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул маалыматтар вацинаны калктын 90 пайызы алган өлкөлөрдөн алынган.

“Аталган штамм 3-7 эсе тез тарайт, бирок оору жеңил өтөт. Ошондой эле “омикрон” беш жашка чейинки балдарга дагы жугуп жатат. Бир беткап сактай албайт, эки кабат беткап же фильтри бар респиратор кийиш керек. Ал эми бул штамм өнөкөт оорулары бар адамда оор өтүшү мүмкүн”, — дейт ал.

Жусупова “жаңы штаммга кайсы вакцина жакшы, кайсынысы көбүрөөк антителону пайда кылат?” деген суроого так эч ким жооп бере албай турганын белгилейт.

“Бирок буга чейин өндүрүлгөн вакциналар эффективдүү жана коркунучсуз экенин убакыт далилдеди”, — дейт дарыгер.

Количество просмотров: 311