• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ОМОН тарабынан сабалган казакстандык мушкер Хамитов карьерасын жыйынтыктады

13 Үчтүн айы 202214:42 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы башаламандык учурунда кармалган мушкер Куат Хамитов эркиндикке чыккандан кийин Instagram баракчасына видео кайрылуусун жарыялады.

Мушкер ага карата укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн ырайымсыз мамилеси тууралуу айткан.

«Мен дагы беш жылдай карьерамды улантып, өлкөнүн даңкын чыгарам деген оюм бар болчу. Бирок бул жагдайдын баары укук коргоо органдарынын катышуусу менен болгондуктан карьерамды токтотууну чечтим. Мен расмий түрдө спорттук карьерамды аяктадым. Мен үчүн жаңы карьера, жашоомдун жаңы барагы башталат», — деди Хамитов.

Буга чейин Куат Хамитовдун ОМОН тарабынан сабалганы кабарланган.

Количество просмотров: 641