• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема аныкталды

29 Аяк оона 2022 18:09 Бишкек Govori.TV

Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема аныкталып ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында (КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинде каралган кылмыштын негиздери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыштардын алкагында) Улуттук онкология жана гематология борборунун имараттарын курууда жана капиталдык оңдоодо Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу адамдары тарабынан мыйзамсыз акча каражат алуунун туруктуу коррупциялык механизми аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Такталгандай, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамын бузуу менен мыйзамсыз киреше алуу максатында, Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы имаратын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн подрядчыны тийиштүү конкурстук тандоодон өткөрбөстөн, башкармалыктын жооптуу кызматкерлери туунду подрядчы менен 340 млн сомго келишим түзгөн.

Ошондой эле бүткөрүлгөн иштин көлөмүн иш жүзүндө кабыл албастан, бүтпөгөн иштерге акы төлөөдө көрсөтүлгөн фактылар жана башка финансылык тартипти бузуулар аныкталган. Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 13,5 млн сомду түзгөн.

Ошентип, 27-сентябрда Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А., департаментинин директорунун орун басары К.Ж.К., башкы бухгалтер Ч.Б.Ж., техникалык көзөмөл боюнча инженери Н.Н.Ж. кылмышка шектүү катары кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2022-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Б.А. катуу ооруп калгандыгына байланыштуу үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Ал эми башка адамдарга карата бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды. Мындан тышкары, 13,5 млн сом өлчөмүндө белгиленген зыяндын орду подрядчы жана К.Ж.К. тарабынан толугу менен кайтарылган

Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 93