• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ооганстан Өзбекстанга электр энергиясы үчүн карызын төлөдү

3 Баш оона 2022 13:47 Бишкек Govori.TV

Ооганстандын Da Afghanistan Breshna Sherkat энергетикалык компаниясы 2021-жылы Өзбекстандан алган 2 151,3 миллион кВт/саат электр энергиясы үчүн карызын толугу менен төлөп берди. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Өзбекстандын улуттук электр түйүндөрү» акционердик коому менен Da Afghanistan Breshna Sherkat компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Ташкент быйыл Кабулга 2 210,0 миллион кВт/саат электр энергиясын жеткирет.

Быйыл май айында Ооганстандын Энергетика жана суу ресурстары министри Ахтар Мухаммад Нусрат өлкө Өзбекстан менен Тажикстанга электр энергиясы үчүн бери дегенде эле 100 миллион доллар карыз экенин билдирген. Анын айтымында, буга Украинадагы согуштан улам Борбор Азия өлкөлөрүнүн банктарына акча которууда маселе жаралгандыгы себеп болгон.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин 1-августтагы билдирүүсүндө бул маселе кандай чечилгени тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

Количество просмотров: 110