• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ооганстанда жер титирөөдөн каза болгондор 2 миңден ашты

9 Тогуздун айы 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Ооганстандын батышында 7-октябрда болгон жер титирөөдөн мерт кеткендер, соңку маалымат боюнча, 2 миңден ашты.

Reuters агенттиги өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Мулла Жанан Саикке таянып кабарлагандай, 8-октябрга карата каза болгондор 2053кө, жараат алгандар 10 миңден ашты, 1329 үй урады.

Алгач силкинүүнүн очогу Герат шаарынан 40 чакырым аралыктагы аймакта болгон, андан кийин жер дагы бир нече жолу титиреген, магнитудасы Рихтер шкаласы менен 6,3кө жеткен.

Борбор калаа Кабулдан 850 чакырым аралыкта жайгашкан Герат өлкөнүн үчүнчү ири шаары, маданий борборлордун бири деп эсептелет.

Жалпысынан 12 шаар-кыштак жабыркаганы, электр жарыгы өчүп, имараттар талкалангандыктан айрым жерлерде жолдор тосулуп калганы, жердин силкиниши 700 миңдей калкы бар Гераттын өзүндө да байкалып, кээ бир үйлөр ураганы кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанга 100 тонна дары-дармек жана тийиштүү медициналык жабдык жүктөлгөн атайын учагын жөнөттү.

Количество просмотров: 240