• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ооганстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизилди

23 Баш оона 202116:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Ооганстан жарандарына виза берүүдө убактылуу чектөө киргизди.  Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим Ооганстандагы туруксуз кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган.

«Ооганстандагы кырдаал туруктуу болбой жаткандыктан Кыргызстанга күмөндүү адамдардын өтүп кетпеши, ошондой эле башпаанек издеген адамдардын чоң агымы болбошу үчүн Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Чектөө дипломатиялык жана кызматтык визаларга тиешелүү эмес», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргызстанда окууну каалаган ооган студенттерине кошумча 500 виза берүү маселеси макулдашуу баскычында тургандыгы айтылды.

Теги:
Количество просмотров: 115