• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ооруканаларга 560 даана кычкылтек концентраторлору бөлүштүрүлөт

31 Теке 2020 10:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана волонтерлор «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча келип түшкөн 560 кычкылтек концентраторлорун кабыл алуу жана бөлүштүрүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр мамлекетке COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдон келген көмөгүн көрсөтүп жаткан «Ас Салам» коомдук фондуна, жалпы волонтерлорго жана дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

«Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу аркылуу «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча республикага 560 кычкылтек концентратору түрүндө гуманитардык көмөк келип түштү. Алынып келинген кычкылтек концентраторлору өлкө Президентинин тапшырмасы боюнча курула турган жаңы ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө салымын кошуп жаткан жактарга ыраазычылык билдирем. Биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында биз түзүлгөн кырдаалдан татыктуу өтүп, вирусту жеңип чыгаарыбызга ишенем», — деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөгө донордук жана эл аралык уюмдардан, волонтерлордон келип жаткан гуманитардык жардамдар комиссиянын чечиминин негизинде ачык-айкын бөлүштүрүлүүдө.

Өз кезегинде «Ас Салам» фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев кошумчалагандай, ушундай кыйын кырдаалда элибиз биримдикте болуп, пандемияга жапырт каршы туруу керек.

«Биз бири-бирибизге жана мамлекетибизге жардам берип, бирибизди бирибиз сындабастан, илдетти жеңип чыгуубуз керек», — деди ал.

Количество просмотров: 52