• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ооруканаларда 1 миң 247 киши пневмониядан дарыланууда 

2 Теке 2020 11:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын ооруканаларында 1 миң 247 киши пневмониядан (коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан) дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруканада пневмониядан дарыланып жаткандардын ичинен 337 бейтаптын абалы оор, 112 киши реанимация бөлүмүндө жатат.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө март айынан бери 1971 адам ооруканадын тышкаркы пневмония менен ооруканага дарыланууга алынып, анын ичинен 627 киши айыгып чыккан, 97 бейтап каза болгон.

Количество просмотров: 128