• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыркы жумада пневмония менен ооруган балдардын саны көбөйдү

15 Жетинин айы 202417:31 Бишкек Govori.TV

Акыркы жумада Кыргызстанда пневмония жана бронхит менен ооруган балдардын саны эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Альбина Исакова билдирди.

“Акыркы жумада Кыргызстанда пневмония жана бронхит менен ооруган балдардын саны эки эсеге көбөйдү. Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы өпкө оорулар бөлүмү 28 бейтапка гана ылайыкталган. Бирок, бүгүнкү күндө 40дан ашуун бала келүүдө. Буга байланыштуу биз жаңы бөлүмдү ачууга даярдануудабыз. Балдар арасындагы пневмония менен бронхит оорусунун көбөйүшү, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу”, — деди дарыгер.

Количество просмотров: 305