• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Оорукчан элем, байкуш элем деп артымдан чуркап жүрбөгүлө». Тайчабаров билдирүү таратты

17 Кулжа 2022 22:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек Эркин экономикалык аймактын башкы директору Кудрет Тайчабаров Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына билдирүү жазып, журналисттерге эскертүү берди.

«Журналистиканы түшүнбөгөн сабатсыз журналисттерге, заказ аткарган жугундукорлорго, бирөөнү шылдыңдап, жалган маалымат таратып жан баккан чала блогерлерге дагы бир эскертүү! (Жакшылык каалаганым үчүн жана мыйзам ушуну талап кылганы үчүн эскертип жатам). Мен жөнүндө чындыкка дал келбеген постторуңарды, маалымат каражаттарына чыгарган материалдарыңарды, комментарийлериңерди өчүргүлө. Баарын скриндеп койдум. Эртең дагы тепеңдей берсеңер сотко берем. Анан отурасыңар далилдей албай. Анан сот айып салганда төлөй албай ыйлактайсыңар. Башка жактан скрин кылдым же перепост деп ойлобогула, ошол перепосту үчүн бирөө камалып отурат, фейк аккаунт менен жазган үчүн дагы бирөө камалып отурат. Сот иши кандай жүрөөрүн билген юристтер, ушул мыйзамды окуп чыкса, дароо түшүнөт. Силер утула тургандай болуп жазып жатасыңар. Интернет колдонучуусу дагы жоопко тартылаары ушул мыйзамда жазылган. Фейк баракчаны таппайт деп да адашпагыла. Азыр баарын тапса болот. Андыктан, мыйзам талап кылган үчүн акыркы жолу эскертип жатам. Эртең анан “боштондук!”, “кечирип коюңузчу…”, кичинекей балам бар эле, оорукчан элем, байкуш элем деп артымдан чуркап жүрбөгүлө! Жазганыңардын баары сотто утула турган тексттер. Далилдеп бере албайсыңар, ошондуктан, ойлонгула!

Мыйзам “тамаша эле, юмор болчу, перепост эле кылганмын, бул сайтта жазылып туруптур го” дегенди түшүнбөйт. Өзүңдүн атыңдан жаздыңбы, демек, сен дагы ошол маалыматтын таратуучусусуң! Мыйзамды жакшылап окуп чыгып, демиңерди басып тынч отургула!”, — деп жазат ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун жаш кыздарды четке чыгууга тыюу салуу боюнча сунушу коомчулукта талкуу жараткан эле. Бул демилгени улай Кудрет Тайчабаров да өз пикирин билдирип, түрдүү пикирлерге жем болгон.

Количество просмотров: 10692