• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Оорукчан келининен неберелерин алгысы келген чоң эненин арманы

20 Кулжа 2022 17:55 Бишкек Govori.TV

Баласы каза болгон Наталья Норцева келини оорукчан болгонуна байланыштуу, неберелерин өзүнө алгысы келет. А бирок, ар кандай себептер менен неберелерин алууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын «govori.tv» га айтып берди.

«Мен чындыкты кандай болсо ошондой айтып берем. Менин балам 23-мартта каза болду. Мен анын сөөгүн коюуга келдим. Келиним чалып, «Наталья Ивановна, биз сизди күтөбүз. Тезирээк келиниз»,- деп айтты. Албетте мен келдим. Бардыгы бүтүп, кетейин деп даярданып жатып, балдардын апасына таптакыр кереги жок экенин көрдүм. Кошуналар алардын кароосуз калганын айтты. Эрте менен саат 12 же 1 болгондо уйкудан турушат. Кечинде да аябай кеч укташат экен. Апасы өзүнүн жумуштары менен алек болот. Анын ушундай оорусу бар. Микробдордон коркот. Дайыма раковинаны ар кандай жуугуч каражаттар менен жууйт. Мен үч күн көз салдым. Андан кийин «балдарды таштап кантип кетем?»,- деп ойлондум. Мен ага сен менин неберелеримди жакшы карашың керек деп сын айта баштадым. 8 жыл атасы караган. Тырмагын алып, тамактандырып, ичирип атанын да апанын да милдетин аткарып келген. Улуу неберем Саша бизди таштап кетесиңби, апам бизди көчөгө чыгарып жиберип, биз кечке көчөдө жүрөбүзбү дейт. Атасы жок болгондон кийин ким чалып алардын тамактанганын сурайт? Албетте бул мен үчүн трагедия. Мен ага айта баштасам, ал жоголуп кетчү болду. Үйгө түнөбөйт. Батир издеп баштады. Анткени мен анын жууган ишине тоскоол боло баштадым. Биринчи ал кичүү баласын алып, 10 күнгө жоголуп кетти. Кийин баласынын бетине бүт жара чыгарып алып келди. «Эмне болду?»,- десем сиздин ишиңиз эмес дейт. эмне кааласам ошону кылам деди. А мен мындай болбойт, ооруканага баруу керек дедим. Эгерде сен мен менен психикалык ооруканага барсаң, сага психологиялык жактан корутунду беришсе, балдарды сага таштап кетем дедим. Андан кийин ооруканага келип, 2, 3 саат кезек күтүп отуруп, даарыгерге кирдик. Дарыгер сурап баштады. Алена психикалык жактан катуу ооруйт. Ал анын күйөөсү дайыма уруп, зордуктап жатканда мени жанында карап турчу деп айтты. Даарыгер мага эч кандай жооп кайтарбаңыз деди. Себеби ал оорулуу адам. Ал бул баракты жаап коюу керектигин айтты. Сиз азыр башка жашоодо жашап жатасыз. Сиз балдарга камкордук кылышыңыз керек. «Сиз эмнени каалайсыз»,- деп сурады. Мен жумушка орношкум келет, бирок, мага нервим тоскоол болуп атат деди. Алар сизде эки шарт бар. Биринчиси сиз ооруканага жатып, дарыланып, кайын энеңизге дениңиз сак экенин далилдейсиз. Экинчи шартта кайын энеңиз сизди сотко берет. Ал соттон сизди биз жарым жылга алабыз деди. Ал болсо мен макул эмесмин, даяр эмесмин деп качып жөнөдү. Мен анын артынан 2-кабаттан кыйкырып аттым. Менин аркама жашынып алган балдарды алып кет дедим. Качанкыга чейин мен карайм? Сен дагы бираз кара десем, ал албетте качып кетти. Балдар болсо бизди таштаба, таштасаң биз дагы каароосуз калабыз дешет. Мага социалдык кызматка кайрылууга туура келди. Карагылачы балдар мага кандай жабышып турушат дедим. Кошуналардан сурап чыккыла дедим. Балдар болсо бизди кыйынчылыкка таштап кетсең, сени кудай жазалайт дешти. Азыр болсо кыргызстандын жаңылыктарында «чоң энеси апасын кууп жибериптир, балдарды уурдап, бектитип атыптыр»,-деген макалаларды чыгарып жатышат.

Социалдык кызматтан келгендер менден «келиниңиз 8жылдан бери иштебесе, кайсыл жактан каражат алып жатат?»,-деп сурашты. А мен агасы деп жооп бердим. Мен соттук процессти жеңип чыгуу үчүн бардык нерсемди салам деди. А эгер жеңбей калсам, балдарды интернатка котором дейт. Ал ким андай кылгандай? Ал чоочун тайке да. Анын кандай укугу бар? Менин неберелеримди интернатка бергенге?…

Балдардын башка коргонуучу адамы жок. Алар болгону мага таянышат. Азыр алар бардык жака «менин балдарымды тартып алышты»,- деп жазып жатышат. Азыр балдарды эч кандай шарты жок, кир баш калкалоочу жайга алып коюшту. Саша кыз да. Ал жуунуп турушу керек. Саша «эмне кылабыз?»,-деп менден сурайт. «Же бизди таштап кеттиби»,- дейт.

Апасы ал жака барып, мени ооруканага жаткызбасын десеңер мен айтканды айткыла деп үйрөтөт экен. Апам жакшы, бизди сабабайт дегиле. Эгерде апам бизди сабайт десеңер силерди ушул жака бир жолу калтырып коет дейт экен.

Мен келсем чоң эне сен бизге чындыкты айт деп айтпадың беле апабыз мындай деп айткыла деп аайтты деп ыйлашты. А мен чындыкты айткыла дедим.

Кечээ күнү комиссияга балдарды чакырышыптыр. Балдарды психологу жок сурашты. Кийин бизди чыгарып жиберишти. Андан кийин балдарды алып кетишти. Кийин бизди чакырып, ал аял ким экенин билбейм «караңызчы балдар сизди жакшы көрүшпөйт экен»,-дейт. Бул кандайча болсун?

Мени кире беришке чыгарып коюп, өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп ага документти карматышты. Алардын айтымында балдарды психиатрга көрсөтүш керек экен. Анткени балдар апасына каршы болуп калышкан. Эмне балдарды сындырышабы? Алар жакшынакай жашоону каалап жатса, психиатрдын эмне кереги бар?

Эмне үчүн аларды бул түрмөгө отургузуп коюшту. Ооба. Ал жакта балдар бар. Бирок, алар менин балдарым эмес. Аларга барышпайт. Менин аларды айайм. Баарын жакшы көрөм. Азык-түүлүк алып барам. А бирок, менин балдарым эмне үчүн азап чегишүүдө? Ал болсо силерди «чоң энеңер ушундай кылып жатат»,- дейт. Улуу кызы Саша «биз апабызды жакшы көрөбүз, болгону апабыз оорукчан. Ошон үчүн чон энебиз менен болгубуз келет»,- дейт. Азыр балдар оорукчан апасынан көз каранды.

Мен азыр бул жакта жумушка орноштум. Ал жака бул жака чуркайм. Алар «кымбаттуу чоң эне билесизби мынчалык көп чуркабаңыз»,- дешет. Алар мага тыюу салганга кандай укугу бар? Кечээ Саша айтты. Консультацияга алып барган аял, «чоң энебизге барабыз десеңер бул жактан эч качан чыкпайсынар»,- дептир. Силер апабыз менен болгубуз дешиңер керек дептир. Элестетсеңиз? Бул эмне? Балдарга ушундай мамиле жасаган болмок беле. Аларга аябай басым жасылып, эмнени үйрөтсө ошону айтканга мажбурлап жатышат. Саша чон эне мен эч кандай жалган нерсе айтпайм дейт. Алар сыйынгысы келет. А апасы болсо «кудай жок»,- дейт. Алар күн сайын жараткандан жардам сурап сыйынышат. Ошон мен жардам сурайм. Бул менин жан дүйнөмдүн кыйкырыгы. Апасы качан даарыланса ошол замат балдарды кайтарып берем. Мен дагы каарып калдым, мен да эс алгым келет. Бирок, оорукчан апасына бере албайм»,-деп сөзүн жыйынтыктады.

Количество просмотров: 2307