• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Опера жана балет театры карантинге жабылды

26 Чын куран 202113:53 Бишкек Govori.TV

Борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театры карантинге жабылды. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр вирустун жайылышын алдын алуу максатында 2 жумага жабылды.

«Кечээ жакында СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгына арналган «Ак-Мөөр» спектаклинин бет ачарын өткөрдүк. Ага келген адамдардын санынын көптүгүн эске алып, коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында аралыктан иштөө режимине өтүү чечими кабыл алынды», — деп билдиришти театрдан.

Количество просмотров: 104