• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Опера жана балет театрынын мурдагы жетекчиси кармалды

19 Жетинин айы 2020 12:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Опера жана балет театрынын мурдагы директору Болотбек Осмонов кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын мурдагы директору Б.О. (Болотбек Осмонов) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган.

«Мурдагы жетекчи мамлекеттин кызыкчылыгына, ошондой эле маданияттын жана искусствонун кызыкчылыгына каршы келип, атайылап пайдасыз келишим түзүп, натыйжада бюджетке миллион сомдон ашык зыян келтирилгени тергөөдө аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралат.

Количество просмотров: 42