• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Опера жана балет театрындагы чыр: Жетекчиге эскертүү берилип, артисттер сый акыдан ажырады

14 Чын куран 2021 16:01 Бишкек Govori.TV

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы чырга байланыштуу тузүлгөн комиссиянын иши аяктап, корутунду чыгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жетекчилерге эскертүү берилип, келишимдерди жаңыдан түзүү тапшырылган.

«Театрдын жетекчиси Керим Тураповго, көркөм жетекчиге жана башкы балетмейстрге эскертүү берилди. Мындан тышкары театрдын жетекчилигине кызматкерлер менен жаңы эмгек келишимдерди түзүү, коммерциялык спектаклдерди коюудагы эмгек акыларын төлөө боюнча механизмдерди жаңыдан иштеп чыгуу, келишимдерди жаңылоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле жетекчилик кызматкерлерге квартал сайын отчёт берип туруу зарылдыгы эскертилди», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми спектакль коюудан баш тарткан артисттер комиссиянын мүчөлөрү барганда түшүнүк кат жазбай коюшканы белгилүү болду. Опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов спектаклды коюудан баш тарткан 25 артист Театр күнүнө карата бөлүнгөн сый акыдан ажыратылганын билдирген.

Эске салсак, үстүбуздөгү жылдын 6-март күнү театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында театрда чыр чыккан. Спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай коюшкан. Иш-чараны уюштурган “Радужка” фонду окуяга кыргызстандык труппанын өкүлдөрү Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп болду деп түшүндүргөн. Ошондой эле гонорар маселеси да келип чыкканы айтылган. Кыргызстандык артисттер билети кымбат коммерциялык спектаклге бекер иштеп келатканына нааразылыгын билдиришкен.

Количество просмотров: 177