• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Опера жана балет театрынын директоруна сөгүш жарыялоо боюнча өкмөт башчыга сунуш киргизилди

21 Үчтүн айы 2019 15:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге Улуттук опера жана балет театрынын директору Болот Осмоновго сөгүш жарыялоо боюнча сунуш киргизди.

Маданият министри билдиргендей, опера жана балет театрынын улуттук деген макамы болгондуктан Болот Осмоновго премьер-министр сөгүш бере алат.

Эскерте кетсек, коомчулук өткөн дем алыш күндөрү опера жана балет театрында Dota-2 киберспорту боюнча мелдеш өткөнүнө нааразы болгон.

Маданият министрлиги театрда мындай иш-чара өткөрүлүшүнө терс көз карашын билдирген.

Количество просмотров: 28