• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү

9 Жалган куран 2021 13:08 Бишкек Govori.TV

Опера жана балет театрындагы жагдай боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрлик А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болгон жагдай боюнча атайын комиссия түздү. Комиссиянын ишине бул тармакты билген адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирди.

Комиссия 10 жумушчу күндүн ичинде бул окуя боюнча эки тараптуу дыкат кароонун жыйынтыгы менен театрдын жетекчилигине мындан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушун жөнөтөт.

Эске сала кетсек, 6-мартта опера жана балет театрынын артисттери россиялык артисттердин катышуусунда сахнага чыгуудан баш тартышкан.

Количество просмотров: 91