Соцтармакта Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында пилатес боюнча өткөн иш-чаранын видеосу тараган.
Аталган иш-чара сын пикирлерди жаратты. Айрымдар муну маданий мекемеге карата сыйлабастык деп баалашкан.
Маданият министрлиги окуядан соң билдирүү таратып, иш-чара театр тарабынан министрлик менен макулдашылбастан уюштурулганын айтты.
Белгиленгендей, жүрүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыгы менен театр жетекчилигине карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.
Ал эми театрдын директору Мурат Бегалиев ЖМКларга билдиргендей, Маданият министрлиги карамагындагы мекемелер залдарын ижарага берүү менен акча табууну дайыма талап кылып келет.
«Фитнес — бул ден соолук, жогорку маданият жана алар балетке жакындагысы келет. Бул жаңы заманбап жанр. Бул жогорку искусство, хатха йога!» — деген ал.