• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Оптима банк» Зилалиевдин тасмасын күч органдарына берген эмес

12 Бештин айы 2018 13:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.12.2018.Govori.TV

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени айтылган акча банктын уячасынан алынып жаткан видео боюнча “Оптима Банк” билдирүү таратты.

Банк ал билдирүүдө тартылган видео кардардын өзүнө гана берилгенин, тасманын Интернетте тарап кеткенине тиешеси жок экенин билдирди. Маалыматка ылайык, ал тасма мындан бир жыл мурун тартылган. Себеби, кардар келишимге ылайык банктагы уячанын ижара акысын төлөгөн эмес. Улуттук банктын жобосуна ылайык банк кызматкерлери уячаны ачып, андагы каражаттар алынып, ээсине берилет.

Бул аракеттердин баары видео тасмага тартылып, ал да кардарга тапшырылат. Бир ай мурун билдирүү жөнөтүлгөнү менен кардар уячадагы каражатын алып кетүүгө келген эмес. Банк бардык мыйзамдар так аткарылганын белгилеп, кардарлардын кызыкчылыктары так сакталганын билдирди.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 2