Алмазбек Атамбаев бийликти күч менен басып, мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландап жаткан. Бул туурасында УКМК башчысы Орозбек Опумбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, «Атамбаевге кан төгүш керек болгон. Мунун арты менен ал мамлекеттик төңкөрүш жасоону каалаган. Мен муну расмий түрдө билдирем. Ал үйүнө келген адамдарга 1000-3000 сомдон берип турган».