• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Опумбаев: Экспертиза Ниязбековду түз эле жүрөккө атышканын көрсөттү

13 Баш оона 201912:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.08.2019. Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүш үчүн атайын жүрөккө атышкан. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.

Анын айтымында, «Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ниязбековду түз эле жүрөккө атышканын көрсөттү. Башкача айтканда аны атайын эле өлтүрүш үчүн атышкан. Эскертүү иретинде бутка же колго атса болмок. Үсөн дароо өлгөн».

«Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта болгон биринчи операция учурунда ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Количество просмотров: 32