• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Orda.kz басылмасына белгисиз бирөө чочконун башы салынган кутуча жөнөткөн

6 Тогуздун айы 2022 16:58 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы Orda.kz басылмасы белгисиз бирөө «редакцияга чочконун башы салынган кутуча жөнөткөнүн» билдирди. Мындай кабар басылманын Telegraм-каналына 5-октябрь күнү кечинде чыкты.

«Белгисиз бирөө жашыруун түрдө жеке жеткирип берүү кызматынан пайдаланган. Жөнөтүлгөн жер катары Алматынын Алмалы районундагы турак жай комплекстердин бирин көрсөткөн. Кутучага чочконун башы салынып, анын оозунда биздин башкы редактор Гүлнар Бажкенованын атайылап жыртылган сүрөтү болгон», – деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары Orda.kz акыркы кездери «редакциянын дарегине коркутуулар менен чагымчыл чабуулдар көбөйгөнүн» белгилеген.

«Басылманын сайтына кибер чабуулдар жасалып, редакция жайгашкан бизнес-борбордогу балдар аянтчасы менен тосмолорго зыян келтирилип, редакциянын терезелеринин астына коркутуу сөздөрүн жазып кетип жатышат», – деп жазылган билдирүүдө.

Orda.kz’тин башкы редактору Гүлнар Бажкенова бул коркутууларды басылманын акыркы макалалары менен байланыштырууда.

Теги:
Количество просмотров: 294