• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Оренбург облусунда миңден ашуун мигрант топтолуп калды

30 Кулжа 2020 9:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын миңден ашуун жараны Оренбург облусунун Соль-Илецк аймагында топтолуп калды. Алар чек аралардын ачылышын күтүп, мекенине кайтууну көздөшүүдө. Бул тууралуу Orenday.ru жазды.

Оренбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Урмат Жамгырчиев 23-июнда эле мигранттар жүздөн ашпаганын, бирок акыркы жумада алардын саны кескин көбөйүп кеткенин билдирди.

Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Жандар уулу Таалайбек транзиттик коридор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бул өтө узак жараян экенин билдирди.

“Дипломатиялык жол-жоболор кеминде 20-30 күнгө созулат”, – деди ал.

Басылманын маалыматына караганда, чатырларда, автоунааларда түнөгөн мигранттардын арасында кош бойлуу аялдар, пенсионерлер жана балдар бар.

Пандемия башталгандан бери орус-казак чек арасында ушуну менен мигранттар үчүнчү жолу топтолуп жатышат. Кыргызстандыктардын биринчи тобу – 541 киши 7-майда Казакстан аркылуу мекенине жеткирилген. Экинчи тобу майдын ортосунда кайткан. Анда Оренбургда Кыргызстан жана Өзбекстандын 500дөй жараны топтолуп калган.

Количество просмотров: 178