• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орхан Инандынын уурдалышы. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ТИМге келди

6 Теке 2021 15:15 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлигине Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган келип, Түркиянын атайын кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инанданын уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалымат боюнча, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дипломатиялык миссиянын башчысы менен жолуккан. Жана Садык Доганга нота тапшырыла турганы айтылган.

Бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркияга жеткирилгени расмий жарыяланды.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган элге кайрылуусунда өлкөнүн улуттук чалгын уюму Орхан Инандыны Түркияга жеткиргенин айтты.

Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күч органдарына тапшырган. ИИМ «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козгогон.

Орхан Инандынын тарапташтары ал жоголгон күндөн бери кыргыз бийлигине кайрылып, табылышын талап кылган акцияларды өткөрүп келишти. Бүгүн, 6-июлда да Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Орхан Инандыны мекенине кайтарууну талап кылгандар чогулду.

Количество просмотров: 254