• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орхан Инандынын унаасындагы камерага жазылып калган акыркы тасма жарыяланды

9 Кулжа 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова Орхан Инандынын жоголгонго чейинки унаасынын видео каттоосуна жазылып калган акыркы сүрөттөрүн жарыялады.

Анын айтымында тергөөчү жогорудагы тасманы ишке тергебей, көңүл жаздымында калтырышкан.

«Балким, кимдир бирөө тасмага түшкөн адамды тааныйт. Туугандарынын айтымында, тергөөчү видеорегистратордогу бул жазууларды алган эмес, сыягы, Ички иштер министрлиги тирүү «күбөлөрдү» же мүмкүн уурдап алгандарды эмес, курулуштардан издөөнү жакшы деп чечишкендир.

П.С. протоколдору тергөөчүгө өткөрүлүп берилген, бир күн бою алар өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө оозеки да жооп берүүгө кудурети жеткен жок», — деп жазат жактоочу.

Орхан Инанды Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан. Инандынын дайынсыз болуп жатканы коомчулукту дүрбөттү. Коомдук сайттарда кызуу талкуулар жүрүп, бир катар коомдук жана жарандык ишмерлер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп жаткан чагы.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Милиция издөө иштери уланып жатканын кабарлоодо.

Количество просмотров: 27506