• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орозайым Нарматова: Мага коюлган айыптоолордун баары абсурд

16 Жетинин айы 2022 12:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-ноябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасы каралып жатат.

Отурумду видеого тартууга уруксат берилген жок, мындан улам жактоочу Гуляна Убалиева соттун курамына ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук курам жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Ал эми Нарматова коюлуп жаткан айыпты «абсурд» деп атады.

«Кемпир -Абадды коргоо комитети түзүлгөндө мен Орусияда болчумун. Кошуласыңбы деген сунушка макул болгон үчүн мени кармап отурушат. Коюлуп жаткан айыптын баары абсурд!»,-деди ал.

Натыйжада шаардык сот райондук соттун 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

27-октябрда Москвада кармалган Орозайым Нарматова жана активист Илгиз Шаменов Кыргызстанга 29-октябрда алынып келинген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

27 жаштагы Орозайым Нарматова өлкөдөгү окуяларга пикирин активдүү билдирип, бийликти сындап келген. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы чыккандардын бири.

Нарматова Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Бүтүн-Кыргызстан партиясы менен келип, депутат болуп шайланган. Бирок УКМК Нарматова дипломун мыйзамсыз алганын билдирип кылмыш-ишин козгогон.

Кийинчерээк БШК Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

ИИМ «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» деген шек менен 20дан ашык активист жана саясатчыларды кармады, үйлөрүн тинтүүгө алды. Сот аларды эки айга камакка алды.

Количество просмотров: 832