Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабыл алган чечимде айтылат.
Маалыматка ылайык, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырган.
Зилалиев УКМК тарабынан кармалганы 13-сентябрда кабарланган. Аны менен кошо Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган.