• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орозалиев: Велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери алынат

20 Чын куран 2020 11:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте санитардык нормаларды бузуп велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери алынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, күн жылыгандыктан балдарын ээрчитип алып сейил бактарда сейилдеп жүргөн жарандардын көбөйгөнү байкалууда.

Бирок ошол эле учурда ал бүгүн эртең менен көчөдө жүргөн жарандардын саны аз болгонун билдирди.

«Өзгөчө абалдын талаптарын жана санитардык эрежелерди бузуп көчөдө велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери убактылуу алынат», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Количество просмотров: 259