• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Велосипедчен баланы унаа сүзүп, ал кырсык болгон жерде көз жумду

20 Баш оона 202411:03 Бишкек Govori.TV

Велосипед тээп бара жаткан жаранды унаа сүзүп, ал кырсык болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 19-август күнү, саат 23:30 чамасында Восток айылында болгон.

«Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы багытта келе жаткан велосипед тээп келе жаткан жаранды сүзүп алган. Натыйжада велосипед тээп келе жаткан эркек бала окуя болгон жерден каза болгон», — деп жазылат маалыматта.

Бул кырсыкка тиешелүү бардык материалдар Бишкек ШИИББ боюнча Жол кырсыктарын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 407