• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орозо айт качан болору белгилүү болду

20 Чын куран 202216:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2-май күнү Орозо айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Муфтияттан кошумчалашкандай, жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Количество просмотров: 8975