• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«Орто-Сай» базары карантинге жабылат

9 Кулжа 2020 14:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базары дезинфекциялоо үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык суроолор боюнча отурумунда вице-мэр Татьяна Кузнецова билдиргенин АКИpress жазды.

Вице-мэрдин айтымында, коронавирустун симптому менен кайрылган бир нече адам бар. Алар буга чейин аталган базарга барганын айтышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Республикалык штаб шаардагы базарларда вирус жуктуруу коркунучу жогору экенин билдирген.

Количество просмотров: 175