АКШ бийлиги «Эркин Европа/Азаттык радиосун» каржылоону токтоткону тууралуу маалыматтар айтылды.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнун башчысы Дайырбек Орунбеков бул тууралуу билдирүү жазып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«“Азаттык” радиосуна болгон каржылоонун токтотулуусуна байланыштуу, жабылып калуу тобокелдиги турат. Ал жерде иштеген кесиптештерибиздин жумушсуз калуу коркунучу бар. Биз бул жагдайга кайдыгер эмеспиз, кесиптештерибизди ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдирем. Атап айтканда, кесипкөй журналисттерди мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, мамлекеттик органдардын пресс-кызматтарына, башка медиа уюмдарга чакыруу, иш менен камсыз кылуу жана аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча сунуштарыбыз даяр. Дасыккан журналисттерди жумушсуз таштабайбыз жана алардын тажрыйбасын, билимин өлкө үчүн пайдалуу багытта колдонууга көмөктөшөбүз. Тажрыйбалуу, мыкты журналисттер көп, алардын кесипкөйлүгү жана медиа чөйрөсүнө кошкон салымы зор. Биз аларга ар дайым колдоо көрсөтүп, жаңы платформаларда өз ишмердүүлүгүн улантуусуна шарт түзүүгө аракет кылабыз», — деп жазды Орунбеков.