Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековду Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын “Древо дружбы” алтын медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Орунбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон салымы үчүн жогорку сыйлык менен сыйланган.
Белгилей кетсек, “Древо дружбы” алтын медалы Шериктештиктин алкагында конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө жана бирикмелик байланыштарды чыңдоодо объективдүү жана өз убагында берилүүчү маалыматтын маанилүү ролун таанууну символу.