Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 2023-жылы 10 млн 491,5 миң сом киреше тапкан. Ал эми анын чыгашасы тууралуу маалымат жазылган эмес.
Ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешеси 1 млн 420 миң сом деп көрсөтүлүп, жана алардын наамында баасы 1 млн 780 миң болгон унаа бар экени жазылган.
