• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Орунбековду иштен алууну суранган жарандарга басым болуп жатканы айтылды

31 Теке 2023 13:13 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына басым болууда. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Буга чейин Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Орунбековду кызматтан алуу өтүнүчү менен Садыр Жапаровго кайрылган.

Кайрылууда айтылгандай, Орунбеков 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыккан чырда Ак-Сай айылынын тургуну Жеңиш Дубанаевди күнөөлүү кылып көрсөтүп, мас абалында болгон деп жазган.

Алар билдиргендей, Орунбековдун «Фейсбуктагы» постунан кийин Тажикстандын «Телеграм» каналдары, соцтармактары ал билдирүүгө таянып, чырды кыргыз тарап баштаганын, аны президенттик администрациядагы адам ырастаганын жана кыргыз тарап чырды «дайыма биринчи баштайт» деп жазышууда.

Ага байланыштуу Ак-Сайдын тургундары президенттен Орунбековдун кечирим суроосун жана кызматтан алуусун суранууда.

«Сизден суранабыз, Дайырбек Орунбеков такталбаган, бир тараптуу маалыматты тарткандыгы үчүн кечирим сурасын, ал адам бул жумушту аркалаганы моралдык укугу жок, жумуштан кетсин. Жеңиш Дубанаевдин жана анын жубайы Толгонайдын аброюн калыбына келтирүүгө жардам бериниз! Анткени Жеңиш Дубанаевдин бир тууган агасы Баткен согушунда кыргыз элин, жерин коргоймун деп курман болгон», — деп жазылган катта.

Эскерте кетсек, 24-июлда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Ал эми Дайырбек Орунбеков чек арадагы эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чырды Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну баштаганын, ал мас абалында болгонун «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Көп өтпөй Орунбеков билдирүүсүн өчүргөн.

Количество просмотров: 116