• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Орунбеков «Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?» деген иликтөө боюнча комментарий берди

21 Кулжа 2023 17:37 Бишкек Govori.TV

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков «Чекит медиа» платформасынын иликтөөсү тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди.

Ал 21-июндагы комментарийинде журналисттик иликтөөнү каралоо деп атады.

“Көрүп чыктым. Биринчи мен макул болбогон, ынанбаган жагдай, анонимдүү булак деп жалаа жапкан үндү көрсөтүшкөн. Буга чейин сөз эркиндиги, журналистикадагы этика боюнча үйрөтүп келген журналисттер тобу мындай калпыстыкка жол бергенине өтө төмөн деңгээлде баа бердим. Экинчиден, мамлекеттик телеканалдардын журналисттерин өлкөбүздө болуп жаткан жакшы иштерди, өсүү деңгээлин көрсөткөн материалдарды бөлүшкөнүн булар троллдор деп кемсинтүүгө жол беришкен. Сын айтып, негатив издеп же болбосо мамлекеттин кадыр баркын төмөндөткөн маалыматтарды чыгаргандарга сөз эркиндиги, иликтөөчү журналист деп баа берип, мамлекетибизде жасалып жаткан жакшы иштерди айткандарды троллдор, кемсинтүү деген туура эмес. Бул жолку иликтөөсүн ушактын деңгээлинде, манипуляция жана жалаа катары кабыл алдым”, — деди Орунбеков.

«Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?» деген аталыштагы иликтөө «Чекит медиа» платформасынын Ютубдагы каналына 20-июнда жарыяланды.

Анда журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан. Берүүдө фейк фабриканын артында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлүп, аны Орунбековдун четке каккан жообу кошо берилген.

Количество просмотров: 90