Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
«Сыртта батпай калган элди, экинчи этап менен киргизип маалымат берип, суроолорго жооп берилет. Ал эми “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле “кирбей калдык” деп социалдык байланыш тармагында түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз. Эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди»,-деп жазды ал.
Президент менен бирге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.