• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орунтаев: Совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу сүйлөшүү этабында

26 Жетинин айы 202412:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу сүйлөшүү этабында. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, Союз учурунда курулган турак жай фондун жаңылоо зарыл.

«50, 60, 70-жылдары көптөгөн турак жайлар курулган жана бул үйлөр 50-70 жылга эсептелген… Бизде бул үйлөрдүн техникалык абалын көзөмөлдөй турган башкаруучу компаниялар жок, биз Турак жай ээлеринин коому менен гана чектелебиз. Ал эми бул үйлөр жараксыз абалга келип жатат», — деди Орунтаев.

Ал «сталинка», «хрущевка» деген сериядагы көп кабаттуу үйлөрдүн турак жай аянты аздыгын белгилеп, реновация программасы аркылуу 1950-1960-жылдары курулган «сталинка» жана «хрущевка» деп аталган бир нече кабаттуу үйлөр биринчи кезекте буздурулмакчы.

Количество просмотров: 104