• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Орус-казак чек арасында элдин агымы өстү. ТИМ маалымат берди

24 Баш оона 202219:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери орус-казак мамлекеттик чек арасындагы «Озинки» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүргүнчүлөрдүн агымы олуттуу өскөндүгү тууралуу маалыматтан кийин Саратов облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери «Озинки» өткөрмө бекетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнү такталган. Өткөн дем алыш күндөрү унаалардын бир аз тыгыны тууралуу маалымат түшкөн.

«Бул өткөрүү пунктунда Москва шаарынан жумуш эмес күндөрү жүргүнчүлөрдү ташуу үзгүлтүксүз көбөйүүдө. Азыр чек арада чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар топтолгон жок. Маселе министрликтин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 106