Орусияда соттолгон чет өлкөлүктөргө жаза мөөнөтүнүн калганын мекенинде өтөөнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу «Важные истории» басылмасы укук коргоочу Ивана Асташинге жана Мордовиядагы түрмөдөгү кырдаал менен жакындан тааныш өз булагына таянып жазды.
Алардын пикиринде мындай жол менен, балким, Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы «түрмөлөрдөгү барымтага алуу боюнча жаңы окуялардын алдын алууну көздөп жатышы мүмкүн».
Басылманын булагы билдиргендей, Мордовия жумуриятындагы ИК-17 түрмөсүнүн жетекчилиги ал жакта жазасын өтөп жаткан чет элдиктерге өз мекенине которууну суранып арыз жазууну сунуштаган.
Булак белгилегендей, дал ушул түрмөдө Кыргызстандын үч жараны, Беларустун бир жараны мекенине которулууну күтүп жатышат.