• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Орусия менен аймактарды өнүктүрүү багытында кызматташуу талкууланды

21 Аяк оона 2018 9:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Орусиянын Коми Республикасынын башчысы Сергей Гапликов менен жолугушту. Анда кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу талкуу болду.
Боронов Аймактарды өнүктүрүү жылында аймактар аралык деңгээлде кызматташуу кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналарын айтты.
Сергей Гапликов Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары менен жолугушуу ниетин билдирди. Тараптар соода, инвестициялар, билим берүү, туризм жана маданият тармагында кызматташууну бекемдөө боюнча макулдашышты.
Количество просмотров: 31