• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде бир атуул өз ыктыяры менен куралын тапшырды

28 Кулжа 2022 14:12 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун аймагында Баткен РИИБдин милиция кызматкерлери 3күндүк “Экстремист” аталышындагы иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Иш-чаранын жүрүшүндө жарандар чек ара аймактарынан чек араны мыйзамсыз бузуп кирүүсүнө бөгөт коюу жана алдын алуу иштерин, улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана чыр-чатактардын алдын алуу багытында, диний мекемелерде жергиликтүү имамдар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү багытында иш алып барылды».
Мындан сырткары, Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектепте айылдын тургундарын жыйнап, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка жол бербөө, ошондой эле эрте куракта никеге турууга мыйзам жол бербегендиги, зордук –зомбулуктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


“Экстремист” иш-чарасына милиция кызматкерлери 4 топко бөлүнүп иштеп, мурда катталган 1 уурулуктун бетин ачып, 14 ата-энеге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесинин (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) протоколдор толтурулду.


Ошондой эле Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын 48 жаштагы тургуну өзүнүн үйүндө мыйзамсыз сакталып турган ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды.

Количество просмотров: 213