• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Орусия 23 адам өлгөн Винница шаарына сокку урганын мойнуна алды 

16 Теке 2022 8:26 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Винница шаарына «Калибр» ракеталарынан урулган соккуларды ырастап, ал тийген “Офицерлер үйү” деп аталган имаратта “украин командачылыгы менен чет элдик курал жеткирүүчүлөрдүн жыйыны өтүп жатканын” билдирди. Мекеменин маалыматында чабуулдун натыйжасында иш-чаранын катышуучулары жок кылынган.

Ракеталык соккулар 9 кабаттуу турак жайга жана “Офицерлер үйү” деп аталган концерттик залга тийген. Анда украин ырчысы Роксолананын концертин өткөрүү пландалып жаткан. Украин тарап имарат эч качан аскердик багытта колдонулбаганын билдирүүдө.

14-июлда Украинанын Винница шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан 23 киши, анын ичинде үч жаш бала өлдү. Дагы 39 кишинин дайыны изделип жатат. 117 киши жабыркаган, 34ү оор абалда, бешөө өтө оор абалда турат.

Украин президенти Владимир Зеленский окуядан кийин тараткан билдирүүсүндө Орусияны “киши өлтүргүч” жана “террорчу өлкө” деп атады. Буга байланыштуу Винница облусунда аза күтүү жарыяланды.

Винница Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан шаар жана учурда эки тарап согушуп жаткан линиядан кыйла эле алыс турат. Орусия бүткүл Украинанын үшүн алып туруу үчүн согуш жүрүп жаткан линиядан алыста турган шаарларды да улам-улам аткылап жатат. Июндун аягында Кременчуг шаарындагы соода дүкөнүнө урулган соккудан 20дан ашык киши өлгөн, аз күн мурда Часов Ярга жасалган чабуулдан 50дөй адам мерт болду.

Булак: Azattyk

Количество просмотров: 304