• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Орусия Азербайжан жана Армения менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

24 Жетинин айы 2021 10:59 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин бул аптада Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев менен жолугат. Бул тууралуу 23-ноябрда Кремль билдирди.

Маалыматка караганда, үч тараптуу жолугушуу Путиндин демилгеси менен Кара деңиз боюндагы Сочиде өтөт. Кремлдин маалыматына караганда, сүйлөшүү былтыр ноябрдагы ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин бир жылдыгына багытталган.

Армения менен Азербайжан былтыр күзүндө 44 күн Тоолуу Карабак аймагынын айынан согушкан. Ереван согушта Армениянын жана Тоолуу Карабактын 3 700дөн ашуун тургуну каза тапканын билдирген. Баку 2 900 кишисин жоготконун айтып келет. Ошондон бери ортодо чыңалуу басаңдай элек.

Армения менен Азербайжандын чек арасында кырдаал соңку бир нече күндөн бери курчуп турат. 22-ноябрда Армения чек арадагы аскердин өлүмүн Азербайжандан көргөн. Расмий Баку Еревандын айыптоосун четке кагып «биздин аскердик бөлүктөр ок аткан эмес, кырдаал туруктуу» деп билдирди.

Армениянын Коргоо министрлиги билдиргендей, бир апта мурдагы кагылышууларда кеминде бир жоокер каза тапты, 13 аскер азери куралдуу күчтөрү тарабынан туткундалды, дагы 24ү дайынсыз. Алардын тагдыры тууралуу маалымат жок. Буга чейин армениялык 15 аскер окко учканы кабарланган. Азербайжан жети аскери окко учканын айтып жатат.

Количество просмотров: 188