• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Орусия Казакстанга көбүрөөк өлчөмдө кант жеткирүүгө макул болду

20 Бугу 2024 9:27 Бишкек Govori.TV

Москва Казакстанга кант квотасын дагы 100 миң тоннага көбөйтөт. Ошентип жалпы квота 220 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу казак өкмөтү билдирди.

Квотаны көбөйтүү планы жайкы сезондун алдында жана таттууга болгон суроо-талап жогорулай турган маалда жарыяланды. Алдын ала макулдашууга Казакстандын вице-премьер-министри Серик Жумангарин менен Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун жолугушуусунда жетишилди. Эми бул маселе 29-майда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында каралат.

3-майда Орусия өкмөтү 31-августка чейин кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган. Бирок Казакстан үчүн Москва 120 миң тонна квота берген.

Астана май айынын башында канттын запасы жаңы түшүмгө чейин жете турганын билдирген. Бирок андан кийин кантты жеткирүү квотасын дагы 100 миң тоннага көбөйтүү маселесин көтөрүп, Орусияны утурлай кумшекерди чет өлкөгө экспорттоого тыюу салган.

Количество просмотров: 50