• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтөт

28 Чын куран 2023 15:53 Бишкек Govori.TV

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгы күчөтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Шойгу бул билдирүүнү Нью-Делиде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусунда айткан. Ал бул кадамдарды АКШ жана анын өнөктөштөрү Борбор Азияда аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатканы менен байланыштырган.

«АКШ жана анын өнөктөштөрү террорчулукка каршы күрөшкө жардам берүүгө жамынып алып Борбор Азиядагы аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Алардын аймактагы өлкөлөргө аскердик инфраструктураны жайгаштыруу тууралуу өтүнүчтөрүн ШКУ аймагындагы туруктуулукка түздөн-түз коркунуч катары баалайбыз. Биз өзүбүз тараптан Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатыбыз»,-деген Шойгу.

Буга байланыштуу расмий Бишкек азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар: «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Количество просмотров: 78