• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусия Кыргызстандагы азык-түлүк программасына 8 миллион доллар бөлдү

26 Жетинин айы 202015:53 Бишкек Govori.TV

Орусия Кыргызстандагы азык-түлүк программасына 8 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул каражатка 9 миң тоннага жакын азык-түлүк сатып алынып, COVID-19 пандемиясынан улам жаралган социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам катары таратылат.

Быйыл июль айында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) дүйнө жүзүндө, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүндө азык-түлүк коопсуздугу начарлай турганын эскерткен.

Кыргызстанда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу быйыл октябрда азык-түлүк баасы 9,6% жогорулаган. Буга байланыштуу өкмөт айрым азык-түлүк товарларынын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүү тууралуу токтом даярдалып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 304