Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Орусия Кыргызстанда орус тилинде окуткан тогуз мектепти курууга грант берүү боюнча келишимди ратификациялоочу мыйзам долбоорун карай баштады.
Долбоор Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылат. Мектептер жети облуска жана Бишкек, Ош шаарларына салынышы керек болчу. Бирок административдик-аймактык реформадан кийин Новопавловка айылы борборго кошулуп, эми Бишкекте эки мектеп курулат.
Бардык мектептер типтүү долбоор боюнча салынат. Алар 1 миң 224 балага эсептелген. Буга канча каражат бөлүнөөрү азырынча белгисиз.