• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусия Мариуполдо Украинанын миңден ашык деңиз аскери багынып бергенин билдирди

14 Чын куран 2022 11:31 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполь шаарында украин деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын 1026 жоокери багынып бергенин билдирди.

Мекеменин расмий өкүлү Игорь Конашенков алардын арасында 162 офицер жана 47 аял бар экенин кабарлады. Анын айтымында, жаркат алган 151 украин аскерине медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.

Өз кезегинде Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Мариуполдо украин аскерлери багынып бергени тууралуу маалыматты четке кагып, ал ырастала электигин билдирди.

Украин президентинин жардамчысы Алексей Арестович 36-бригаданын аскерлери уруш тилкесинен өтүп, шаарда кармашып жаткан «Азов» батальонуна кошулганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Количество просмотров: 145