• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусия менен Беларус Украинанын чек арасына жакын жерде аскердик машыгуу өткөрүүдө

10 Бирдин айы 2022 14:40 Бишкек Govori.TV

Беларуста бүгүн, 10-февралда Орусия менен биргеликте «Союздук чечкиндүүлүк-2022» аталышындагы машыгуу башталды.

Он күндүк машыгуу учурунда эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү Батыш өлкөлөрү менен Украинанын Беларус жана Орусияга каршы ыктымал агрессиясына каршы туруу ыкмаларын иштеп чыгашат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Машыгуу өткөрүүгө Орусиянын президенти Владимир Путин менен Александр Лукашенко декабрда эле макулдук берген.

Машыгууга канча аскер кызматкери жана техника тартылганы айтылган жок. Орусия Беларуска С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин, «Панцирь-С» абадан коргонуу системаларын, көп багытуу Су-35С истребителдерин жана Су-25СМ согуштук учактарын жөнөткөнү белгилүү.

Машыгуу шылтоосу менен Беларуска орус аскерлеринин жана техникаларынын жөнөтүлгөнү Батыш өлкөлөрү менен Украинанын тынчсыздануусун жаратты.

Орусиянын аскердик күчтөрү беларус-украин чек арасынан анча алыс эмес жерде орун алууда. Батыш өлкөлөрү Орусия Украинага кол салуу үчүн бул аймакта аскерлерин күчтөндүрүп жатат деп кооптонууда. Украина менен чек арада акыркы эсеп боюнча 120 миңдей орус аскерлери жайгашты. Орус чек арасына караганда беларус чек арасы Киевге жакыныраак.

Батыш Москваны украин чек арасынан аскерлерин алып чыгып кетүүгө үндөп, болбосо аёосуз түрдө санкция саларын эскертүүдө.

Орусия Украинага кол салуу планы жок экенин айтып, Батыш өлкөлөрүн Украинаны куралдандырууга жана орус чек арасына жакын жерлерде аскердик иштерди өткөрүүгө айыптоодо.

Количество просмотров: 77